Жарыяланган 25.06.2020

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоого багытталган макулдашуу каралды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоого багытталган макулдашуу каралды

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө ургалдуу эмгек миграциясы болуп жаткандыгы, анын натыйжасында убактылуу жүргөн өлкөдө иштеген мезгилде камсыздандыруу стажынын түшүп калуусу, ал келечектеги пенсияларынын өлчөмүнө же болсо ага укугу толук жок болушуна таасир этиши аталган Макулдашууну иштеп чыгууга жана кол коюуга өбөлгө болгон.

Макулдашууга төмөнкүдөй ченемдер киргизилген:

-  эмгекчилердин тең укуктары, б.а. эмгекчилердин (үй-бүлө мүчөлөрүнүн) пенсия чектөө жана төлөө укуктары ишке орноштурган мамлекеттин жарандарындай эле шарттарда ишке ашырылат;

- аймактардын теңдиги жана пенсияны экспорттоо. Пенсия эмгекчи башка мүчө мамлекеттин аймагында жашаган учурда да чектелет жана төлөнөт. Эмгекчи тийиштүү мүчө мамлекеттин аймагында жашаган шартта гана төлөнө турган жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнө турган төлөмдөрдөн башкасы; 

- пенсияга укугун аныктоо. Ар бир мүчө-мамлекет пенсияга укукту өзүнүн мыйзамдарына ылайык аныктайт. Пенсия алуу укугу үчүн башка мүчө мамлекеттердин аймагында, алардын  мыйзамдарына ылайык ээ болгон эмгек стажы, стажы убактысы боюнча дал келген учурлардан башкасы, эсепке алынат (кошулат). Мында ар бир мүчө мамлекет анын өлчөмүн улуттук мыйзамдарына ылайык эсептейт.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.