Жарыяланган 17.06.2020

Коммерциялык банкттар аркылуу пенсия алуунун артыкчылыктары

Коммерциялык банкттар аркылуу пенсия алуунун артыкчылыктары

Банк аркылуу пенсионерлер пенсиясын банк бөлүмүнүн кассасында ала алышат же банк картасын тариздеп, акча каражаттарын банкомат аркылуу чыгарып алса болот.   Пенсиясын банк картасы аркылуу алуу пенсионерлерге акча каражаттарын каалагандай өлчөмдө жана аларга ылайыктуу мезгилде  чыгарып алууга мүмкүндүк түзөт. Акчаны ошондой эле тийиштүү банктын банкоматы бар башка шаарда же айылда жүрүп деле чыгарып алса болот.

Ошентип, пенсионер тийиштүү банктын банкоматы же филиалы болгондо, ал жүргөн жерден акча чыгаруу мүмкүндүгүнө ээ болуу менен Кыргызстандын чегинде ары-бери жүрө алат. Банк картасынын жардамы менен, ошондой эле коммуналдык жана мобилдик операторлордун (телефон) кызмат көрсөтүүлөрүн комиссиялык жыйымсыз  төлөсө болот.