Жарыяланган 12.06.2020

Почта байланыш ишканасы аркылуу пенсия төлөөнүн тартиби

Почта байланыш ишканасы аркылуу пенсия төлөөнүн тартиби

«Кыргыз почтасы» ишканасы аркылуу пенсионерлер пенсиясын үйүнө жеткирүү менен же жашаган жериндеги почта бөлүмүнөн өз алдынча алса болот. Бул учурда ар бир пенсионерге пенсия алуу датасы жеткирүү графигине ылайык белгиленет, мында пенсия белгиленген датадан кечирээк пенсия төлөө мезгилинин аралыгында төлөнүшү мүмкүн.

Пенсия почта бөлүмдөрү аркылуу ар бир айдын 10нан 25не чейинки числодо төлөнөт. Пенсия төлөөнүн башталышы бул күн дем алыш же майрам күндөрүнө туш келип калганда өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде пенсионер пенсиясын катары менен алты ай бою албаса, анда пенсия төлөө токтотулат жана төлөөнү кайра жаңылоо үчүн Социалдык фондго жашаган жери боюнча  (пенсиялык ишинин турган жери боюнча) арыз жазууга туура келет.