Жарыяланган 6.05.2020
КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь-апрель айларында 19790 кайрылуу кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Соцфонддун Call-борборуна 8210 кайрылуу келип түшкөн.
Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 804 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
КР Соцфондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.