Жарыяланган 30.04.2020

Май айында пенсия, жөлөкпулдар жана эмгек акылар өз убагында төлөнүп берилет

Май айында пенсия, жөлөкпулдар жана эмгек акылар өз убагында төлөнүп берилет

Май айында пенсия жана  жөлөкпулдар өз убагында төлөнөт, мамлекеттик кызматкерлерге айлык акылар өз убагында төлөнүп берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, министрлер социалдык төлөмдөр боюнча өз милдеттерин аткарышат.

«Биз апрель айын жабдык. Май айында жөлөкпулдар, пенсиялар жана эмгек акылар боюнча көйгөйлөр болбойт. Баары өз убагында алышат” деди ал.