Жарыяланган 21.03.2020

Нооруз майрамыңыздар менен!

Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

 

Баардыгыңыздарды – Нооруз майрамы менен куттуктайм!

Нооруз – элибиздин өзгөчө күнү болуп саналат. Күн менен түн теңелген ушул күн ар бир үйгө, ар бир үй-бүлөгө кутмандуу үмүттөргө толуп кирет. Байыртан келген майрам  өз мекенине болгон сүйүүсү менен кирет, ал тынчтык жана ынтымактуулуктун, биримдүүлүк жана боорукердиктин элеси, жаратылыштын кайра жанданышынын жышааны, жаңылануунун белгиси.  

Ушул майрам Сиздерге жаңылык жана жакшылык алып келсин, жаңы максаттарга жетүүнүн башаты жана символу болсун. Маанилүү башталыштардын, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө карата  өлкөбүздүн ар бир жаранынын жетиштүүлүгүнүн жышаанасы болсун,   биргелешүү жана тынчтыкты бекемдейт.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                                                                   М. Ирсалиев