Жарыяланган 28.02.2020

Бишкекте КР Соцфондунун Башкармасынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Бишкекте КР Соцфондунун Башкармасынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Бишкекте (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы, дареги: Бишкек ш., Панфилов көч., №237, 4-кабат, конференц-зал) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармасынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.

2019-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешеси 53860,7 млн. сомду түздү (ИДПга карата 9,1 %).  2018-жылга бюджеттин аткарылышына салыштырмалуу 2847,0 млн. сомго же 105,6 % көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 32420,7 млн. сомду түздү, ал эми бюджетте 33144,3 млн. сом каралган. Андыктан план 723,6 млн. сомго аткарылган жок, же 97,8% аткарылды.

Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 2019-жылы 21039,0 млн. сом суммасында түштү.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдары 53508,2 млн сомду түздү, бул 2018-жылга салыштырмалуу 3198,6 млн. сомго көп.

2019-жылы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектелүүчү сумма 45290,2 млн. сом өлчөмүндө толугу менен каржыланды. 2020-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2018-жылга салыштырмалуу пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектөөлөр 2864,0 млн. сомго өстү.

2020-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 672,8 миң адамды түздү, анын ичинен: 301,7 миң адам же жалпы санынын 45% «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 371,0 миң адам же 55 % республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсия алышат. 2018-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 21,6 миң адамга көбөйгөн. 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылы 2320,0 млн. сомго,  Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 287,1 млн. сомго каржыланды.

2019-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча Социалдык фонддун бюджети 352,5 млн. сом суммасындагы профицит менен аткарылды.

 

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети.

2019-жылдын 1-июлунан тартып «Камсыздандырылган адамдын ɵздүк кабинети» иштеп жатат.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун үчүн камсыздандырылган адамдар, анын ичинде пенсионерлер менен өз ара аракеттенүүнүн дагы бир ыңгайлуу ыкмасын көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» маалыматтык системасы иштеп баштады.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө келип, өзүнүн маселелерин чечүү үчүн адистерге кезекке туруунун ордуна Өздүк кабинет системасында катталып, пароль алып жана андан кийин Өздүк кабинет аркылуу интернеттен зарыл маалыматтарды аралыктан сурап алууга мүмкүн болду.

Өздүк кабинет аркылуу төмөнкү Арыздарды берүүгө болот:

- өздүк камсыздандыруу эсебинен көчүрмөлөргө;

- пенсия чектөөгө;

- пенсияны кайра эсептөөгө;

- пенсия төлөөнү узартууга;

- төлөө ордун жана ыкмасын өзгөртүүгө;

- пенсия тууралуу маалымкат алууга;

- башкаруучу компанияны алмаштырууга же ТПФ каражаттарын төлөөгө.

Тɵмɵнкүлɵр жɵнүндɵ тийиштүү маалымат алууга:

- чектелген пенсия тууралуу маалыматтарды

Тɵмɵнкүлɵрдү калтырууга:

- Каалаган суроо боюнча формалдашпаган кайрылууну.

Өздүк кабинетте катталуу үчүн сиз: Социалдык фонддун жакынкы аймактык бөлүмүнө бир жолу келип, арыз бере аласыз. 2017-жылдагы үлгүдɵгү КР жаранынын паспорту жана окуп чыгуучу түзүлмɵ (картидер) болсо  алыс жактан эле катталууга болот.

Бүгүнкү күндө Камсыздандырылган адамдын ɵздүк кабинети аркылуу, пенсияны чектөөгө мыйзамдын талаптарына ылайык керектелген иш кагаздары менен 4 кайрылуу тушүп, аларга пенсиялык мыйзамдын нормаларына ылайык өз убагында пенсия чектелди.

 Ушул тапта электрондук кабинетте 54306 адам катталган.

 

Топтомо компонентин өнүктүрүү саясаты.

2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына 2 % өлчөмүндө милдеттүү топтомо элемент киргизилген. 

  Пенсиянын топтомо бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар адамдарга чектелет жана төлөнөт, анын ичинде: 1) «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алган жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге; 2) пенсияга чыгууга укуктуу жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдарга, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болсо; 3) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кеткен жана кетип жатышкан, жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга; 4) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна; 5) «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге. 

КР Социалдык фонду тарабынан токтом долбоору иштелип чыккан, ага ылайык өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган 50 миң сомдон кем эмес суммада пенсиялык топтоолору болсо, турак жайы жок болгон шартта “МИК” ААК аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан адамдарга пенсиялык топтоолорду алгачкы төгүмдү каржылоого бир жолу жумшоого мүмкүнчүлүгү берилет.

          Ошондой эле аталган ченемдик укуктук актынын долбоору менен пенсиялык топтоо каражаттарын төмөндөгү  тизмекке ылайык өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурган оор ооруларда чыгымдарды каржылоого бир жолу жумшоо каралууда:

  1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер;

  2. Кан оорусу:

             1) курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);

             2) апластикалык аз кандуулук;

             3) гемофилия.

  3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

             1) кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;

2) жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;

3) жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;

4) операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;

5) облитерацияланган эндартерииттин күчөп кеткен түрлөрү.

 

2019-жылдагы иштин жыйнтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармасынын кеңейтилген жыйынында пенсиялардын чектелиши жана кайра  эсептелиши, камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети системасында жарандардын камтылышы “eLeed” программасына маалыматтарды туура киргизилиши, пенсиялардын жана жөлөкпулдардын өз убагында төлөнүшү жана башка маселелер каралды.

         Коллегиянын жыйынтыгы боюнча жетишсиз иши үчүн төмөнкүлөргө сөгүш жарыяланды:

         - КР Социалдык фондунун Панфилов райондук башкармалыгынын башчысына;

         - КР Социалдык фондунун Панфилов райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Ленин райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Ноокат райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Кара-Суу  райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Кара-Кулжа шаардык башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Кадамжай райондук башкармалыгынын башчысына;

         Ошондой эле, төмөнкүлөргө эскертүүлөр берилди:

         - Социалдык фондунун Октябрь райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Биринчи май райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Кемин райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Жайыл райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Ысык-Ата райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Москва райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Чүй-Токмок райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Өзгөн райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Чоң-Алай райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Базар-Коргон райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Лейлек райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Баткен райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Сүлюктү райондук башкармалыгынын башчысына;

         - Социалдык фондунун Сокулук райондук башкармалыгынын башчысына;