Жарыяланган 27.02.2020

Пенсиялык сабаттуулук

                         

       2020-жылдын февраль айында КРнын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык жана социалдык–гуманитардык илимдер факультеттеринин, А.Токтоналиев атындагы финансылык-экономикалык техникумунун, ”Адам” университетинин, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинин, экономика жана финансы ”Инсан” колледжинин, Бишкектин архитектура, менеджмент жана курулуш колледжинин студенттерине, мугалимдерине, №16 Биринчи Май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясын жалпы жамааты менен жолугушуп, пенсиялык сабаттуулук боюнча  окууларды өткөрүштү.

Окуунун негизги максаты–жаштар арасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу саясатын жүргүзүү, пенсиялык сабаттуулук боюнча жаштарга маалыматтык-түшүндүрмө иштерин жүргүзүү.

Жолугушуунун натыйжасында жаштар Социалдык фонд кандай мекеме? Кыргызстанда пенсиянын канча түрү бар? Камсыздандыруучу, камсыздоочу, камсыздандырылган адам кимдер? Эмгек стажынын пенсияга кандай таасири бар? расмий сайтындагы “Жеке кабинетине” кантип катталуу керек? Пенсиянын топтомо компоненти кандай иштейт? жана  башка ушул сыяктуу көптөгөн суроолорго жоопторду алышты.

Мындай маалыматтык–түшүндүрмө лекциялар, жаштардын келечекке болгон кызыгуусун арттыруу менен аларды туруктуу окутуп, үйрөтүү турмуштук талап экендигин көрсөттү.