Жарыяланган 21.02.2020

Бишкекте 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Бишкекте 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2020-жылдын 20-февралында “City Hotel” мейманканасында 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Тил - улуттун жаны” атуу иш-чара өткөрүлдү.

КР Соцфондунун төрагасынын биринчи орун басары Г.Джуматаева, Аппарат жетекчиси А.Байдылдаев Соцфонддун кызматкерлерин Эл аралык эне тил күнү менен куттуктап, эне тилди сүйүүгө жана аздектөөгө чакырды.

Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жетектөөчү адиси С.Толукбаева жана “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиев катышты.

Атайын чакырылган конок “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиев дүйнөлүк тилдердин келип чыгышы, эне тил жана байыркы кыргыз жазмасы жөнүндө кызыктуу баяндама жасап, кызматкерлердин алкоосуна арзыды.