Жарыяланган 11.02.2020

Кыргызстандын Соцфонду менен Өзбекстандын пенсиялык фондунун эксперттери Бишкекте жолугушту

Кыргызстандын Соцфонду менен Өзбекстандын пенсиялык фондунун эксперттери Бишкекте жолугушту

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Өзбекстан Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы бюджеттен тышкаркы Пенсиялык фонддун ортосундагы социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында 2020-ж. 3-февралынан 6-февралына чейин Бишкек ш. Өзбекстан Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы бюджеттен тышкары пенсиялык фонддун делегациясынын иш-сапары болуп өттү.

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо тажрыйбасын жана практикасын изилдөө боюнча кыска мөөнөттүү практикалык семинар уюштурулду. Тактап айтканда, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасындагы учурдагы кырдаалына, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн чектөө жана төлөө практикасына, топтомо компонентине, калктын жашоо узактыгы боюнча демографиялык көрсөткүчтөрдү эске алып камсыздандыруу принциптерине негизделген пенсияларды чектөө формуласына сереп салынды.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик жана пенсиялык саясаты, ошондой эле пенсияларды чектөө жана төлөө процесстерин автоматташтыруу маселелеринде тажрыйба жана пикир алмашуу жүргүзүлдү. Социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында мындан ары жигердүү кызматташтыкты улантуу макулдашылды, кош төлөөлөрдү болтурбоо максатында пенсионерлер жөнүндө маалымат алмашууну караган мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүү маселеси талкууланды.

Бул жолугушуу ачык, иштиктүү жана достук маанайда өттү. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык кызматташтыкты жана калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү кызыкчылыгында ведомстволор аралык өнөктөштүктү бекемдөө максатында мындан ары да кызматташууну улантууну макулдашышты.