Жарыяланган 31.01.2020

КРнын Социалдык фондунун түшүндүрмө-маалымат иштери

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси 2020-жылдын 17-январында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясында администрация кызматкерлерине, 28-январында Бишкектеги Олимпиадалык резервдеги республикалык спорт окуу жайында окуу жайдын окутуучу, тарбиячы жана машыктыруучуларына,  31-январында «Бишкек шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу М.Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернаты Кыргызстанда музыкалык жогорку окуу жайларга кадр даярдап берүүчү республикалык масштабдагы жалгыз окуу жай болгондуктан  мугалимдер жааматтына социалдык камсыздандыруу боюнча ар бир кызматкердин сабаттуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик жана расмий тилде лекциялар өткөрүлдү.

Келечектеги пенсияны түптөөгө, пенсиялык камсыздандырууга ишенимди арттырууга, заманбап маалыматтык система “электрондук өздүк кабинеттин” колдонуу ыкмалары, пенсиялык топтоо каражаттарын мамлекеттик ипотекалык программага катышканда алгачкы төгүмдү каржылоого жана дарыланууга  кандай негиздер менен алуу боюнча кеңири маалымат берилип, кызыккан суроолорго жооптор берилди.

Мындан сырткары, атайын даярдалган буклеттер таркатылды.