Жарыяланган 22.01.2020

Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджети бекитилди

Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджети бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

 

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер боюнча 57 892,1 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 57 104,9 млн. сом суммасында бекитилди, бюджеттин профицити 787,2 млн. сом суммасында белгиленди.

 

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.