Жарыяланган 31.12.2019
КР Соцфондунун төрагасы Медер Ирсалиевдин Жаңы 2020-жылга болгон куттуктоосу
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди 2020-Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Жаңы жылда биздин мамлекет мындан ары да өнүгүп, элибиз бейкутчулукта жана биримдикте жашап, өлкөбүздүн келечеги кең болсун!
Бардыгыңыздардын үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, бакыт-таалай, жаркын-келечек жана бакубат жашоо каалайм. Ары жооптуу, ары сыймыктуу ишиңиздерде чаалыгып-чарчабай, мындан ары да бийиктиктерди багынтып, албан-албан ийгиликтерге жетише бериңиздер!
Жаңы жылыңыздар менен!
Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун торагасы Медер Ирсалиев