Жарыяланган 23.12.2019

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу

2019-жылы 20-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбооруна кол коюлган.

Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө тең укуктарды камсыз кылуу, эмгекчилердин мүчө мамлекеттердин аймагында ээ болгон пенсиялык укуктарын коргоо, ошондой эле өлкөлөр ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү макулдашуунун долбоорунун негизги максаты болуп эсептелет.

Макулдашуунун долбоору боюнча жарандардын ээ болгон пенсиялык укуктарынын көлөмүнө жараша пропорционалдуулук принциби боюнча пенсияларды чектөө жана төлөп берүү боолголонууда,  б. а. ар бир мамлекет аймагында ээ болгон стажга ылайык пенсия чегерет жана төлөп берет (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөнүнө жараша).

Макулдашуунун долбоорунун күчүнө кириши ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү төмөнкү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет:

  •  эмгекке орноштурган мамлекеттин жарандары менен барабар пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө эмгекчилердин тең укуктарын түзүү жана ишке ашыруу;
  • ар бир мамлекет аймагында иш стажынын мезгили үчүн төлөп берет (камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөнүн эске алып);
  • ар бир мамлекет мыйзамдарына ылайык пенсияга укугун аныктайт жана өлчөмүн эсептейт;
  • пенсияга укугун аныктоо үчүн камсыздандыруу стажын жалпылоо каралган;
  • ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден баштап камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн мезгил үчүн пенсияларды экспорттоо.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттер үчүн Макулдашуунун кабыл алынышынын артыкчылыктары:

  • Эмгек стажын жана пенсиясын жоготпостон ЕАЭБ каалаган мамлекетинде иштөө мүмкүнчүлүгү
  • Аймактардын теңдиги жана пенсияларды экспорттоо
  • Легалдуу ишке орноштурууга дем берүү

ЕАЭБге мүчɵ мамлекеттердин ортосунда эмгекчилердин пенсиялык укуктарын жана активдерин толук кандуу жана тобокелсиз ɵткɵрүп берүү мүмкүнчүлүгү эмгекчилердин ɵздɵрү үчүн дагы, ошондой бул ɵлкɵлɵрдүн экономикасынын туруктуу өнүгүшү үчүн дагы ɵтɵ маанилүү экендигин белгилей кетүү зарыл. Пенсиялардын мобилдүүлүгү жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүшүнүн жана макулдашылган пенсиялык социалдык саясаттын ажырагыс бөлүгү болуш керек.

Макулдашуу ЕАЭБге мүчɵ мамлекеттер ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

Тагыраак айтканда, бул Макулдашууга кол коюлганга чейин, мисалы,  РФ иштеп жаткан Кыргызстандын жараны россиялык пенсиялык системага чегерүүлөрдү жасап, бирок ал мезгилдер үчүн пенсиялык укуктарга ээ болгон эмес.

Макулдашууга кол коюлгандан кийин эмгекчилердин ЕАЭБге мүчɵ мамлекеттерде иштеген мезгили эсепке алынып, анын пенсиялык стажы эсептелинип баштайт. Алар пенсиялык төлөмдөрүн башка пенсиялык системалардан ала алышат, анын үстүнө акчалар туруктуу жашаган өлкөгө экспорттолушу мүмкүн. Же болбосо эмгекчинин келишими боюнча ал бул каражаттарды башка өлкөлөрдөн ала алышат. Бул жарандардын социалдык корголушунун бир кыйла жогорку деңгээлине жана адилеттүүлүккө алып келет.

Ар бир ЕАЭБге мүчɵ мамлекет жаранга ишке орноштурган өлкөдөгү иштеген мезгилине жана чегерген пенсиялык төгүмдөрүнө шайкеш пенсиясынын бир бөлүгүн төлөп берээрин эске алып, эмгекчилер ЕАЭБге мүчɵ  мамлекеттердеги иш берүүчүлөр менен эмгек мамилелелерин расмий тариздеши абзел, тактап айтканда эмгек, жарандык-укуктук келишимдерди түзүп, ошону менен пенсиялык укуктарын түзүшү керек.