Жарыяланган 19.12.2019

КРнын Социалдык фондунун түшүндүрмө-маалымат иштери

КРнын Социалдык фондунун түшүндүрмө-маалымат иштери

2019-жылдын 17-декабрында Окуу борбору мекемесинде Бишкек укуктук- гуманитардык колледжинин “Укук жана социалдык камсыздандырууну уюштуруу” факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык система боюнча окуу-экскурсия өткөрүлдү. Окуу жана экскурсия колледждин окутуучусу Мира Стамбекова жана Окуу борборунун жетекчилиги тарабынан уюштурулду. Жаштарга келечектеги пенсиясы жөнүндө слайд көрсөтүлүп, үгүттөө баракчалары таратылды.

КР СФнун Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун имаратына экскурсия уюштурулду. Студенттер тажрыйбалуу адистердин иштери менен таанышышты.

Пенсиянын топтомо компоненти кандайча иштеп жаткандыгы жөнүндө, жашоодон алынган мисалдар менен кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.