Жарыяланган 18.12.2019

Кыргызстан менен Сауд Арабиясы ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууга кол коюлду

Кыргызстан менен Сауд Арабиясы ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарында  бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Сауд Арабиясы Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө; 

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо жана коргонуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы спорт чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу;

 — КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Сауд Арабиясынын Айыл чарба, айлана-чөйрө жана суу ресурстары министрлигинин ортосундагы айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча кызматташуу жөнүндө;

 — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Сауд Арабиясы Королдугунун Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

   — Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма жолун (Балыкчы-Каракол-Балыкчы) реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашуу.