Жарыяланган 9.12.2019

Соцфонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом, ал эми чыгымдар боюнча 57 млрд 8 млн сом көлөмүндө түзүлүүдө

Соцфонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом, ал эми чыгымдар боюнча 57 млрд 8 млн сом көлөмүндө түзүлүүдө

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Соцфонддун маалыматына караганда, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом жана 2021-2022-жылдарга 60 млрд 271 млн сом жана 65 млрд 98 млн сом көлөмүндө түзүлдү. 2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды.

Андан тышкары, 2020-жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 35 млрд 727 млн сом өлчөмүндө түшүшү пландалганы, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 21 млрд 911 млн сом өлчөмүндө каралганы, дагы башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 156 млн сом өлчөмүндө болжолдонгону белгилүү болду.

2020-жылга Соцфонддун чыгымдары 57 млрд 8 млн сом, 2021-2022-жылдарга 60 млрд 676 млн сом жана 64 млрд 324 млн сом суммасында пландалууда. 2020-жылы пенсияларды жогорулатууга 829 млн сом көлөмүндө каражат каралды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 569 млн сом багыттоо пландалууда.

Ал эми 2020-жылы Соцфонддун бюджеттин профицити 787 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 675 миңден ашуун пенсионер бар. Пенсия өлчөмүнүн ырааттуу өсүшү үчүн 1 пенсонерге 3 иштеген адам туура келиши керек, бирок азыркы учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам да туура келбейт. Ошондон улам, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу, кош бухгалтерия менен эмгек акыны жашырып берүү жосундарын жоюу милдети турат.