Жарыяланган 3.12.2019

Банкттар аркылуу тейленген пенсионерлерден пенсия төлөөнү ар бир 6 айда узартуу жөнүндө арыздарды суратуунун себептери

Банкттар аркылуу тейленген пенсионерлерден пенсия төлөөнү ар бир 6 айда узартуу жөнүндө арыздарды суратуунун себептери

Пенсияларын банкттар аркылуу алган пенсионерлер 6 айда бир жолу пенсияларын мындан ары банктык пенсиялык эсепке которуу жөнүндө арыздарын жаңыртып турушу керек. Мындай арыз жок болгондо 6 ай өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык бөлүмү пенсияны банк аркылуу которууну токтотот жана пенсияны почта аркылуу жиберет.        

Пенсияны банкка пенсиялык эсепке которуу арыз берилгенден кийин калыбына келтирилет. Бул чара пенсионерлер үчүн кичине ыңгайсыз, бирок Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна пенсионердин абалына көз салганга мүмкүндүк түзөт. Банктык мыйзамдардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу пенсионердин өзү пенсия алып жаткандыгын же банк картасы аркылуу ага билдирбей башка адамдар анын пенсиялык каражаттарын  чыгарып алып жатышкандыгын билүүгө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мүмкүнчүлүгү жок.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-2-стаьясына ылайык пенсияларды берүү пенсионер дайындалган пенсиясын удаасы менен үч ай бою албаса - мөөнөтү өткөн айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып пенсия алынбай калган бүткүл мезгилге токтотула турат.

Пенсияларды төлөө жогорудагы жагдайлар четтетилгенде калыбына келтирилет.