Жарыяланган 2.12.2019

Жүргүзүлгөн түшүндүрмө-маалымат иштеринин эки айлык жыйынтыгы

КРнын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемеси калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтарды жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.

2019-жылдын октябрь-ноябрь айларынын аралыгында: Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенттерине жана окутуучуларына жаштардын келечектеги пенсиясы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу темалары боюнча лекцияларды өткөрүштү.

Ушул эле багыттагы окуулар Кыргыз  Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жалпы жамаатына, “Бишкек жылуулук тармагы” ААКна, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь жана Свердлов административдик райондору боюнча муниципалдык административдик башкармалыктардын адис кызматкерлерине да жүргүзүлдү.

Калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтарды жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жеринде уюштуруу иш-чараларына жалпысынан 1005 угуучу катышты.