Жарыяланган 28.11.2019

Соцфонд 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу болот

Соцфонд 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу болот

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча ПАРЛАМЕНТТИК УГУУ өткөрөт.

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Убактысы жана орду: 2019-жылдын 29-ноябры, саат 14-00, Жогорку Кенештин жыйындар залы

Катышуучуларды каттоо 13-30да башталат.

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын ала каттоо телефондору: 63-92-24, 63-92-67