Жарыяланган 25.11.2019

Бишкекте «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы пенсиялык жана тарифтик саясат» темасында тегерек стол болуп өттү

Бишкекте «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы пенсиялык жана тарифтик саясат» темасында тегерек стол болуп өттү

2019-жылдын 25-ноябрында Бишкекте (Достук отели) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин cоциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин  2018-жылдын 10-декабрындагы чечими менен мамлекеттик социалдык камсыздандырууда тарифтик саясат маселелерин чечүүгө макулдашылган мамилени иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген жыйынтыктоочу отуруму уюштурулган.

Жумушчу топтун  курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперттери, кызыктар министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле бизнес ассоциациялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү киришти. Бизнес коомчулуктарынын чарба субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин азайтуу боюнча сунуштары менен кайрылуулары, өз алдынча иштегендер (ЖИ) үчүн чендерди, ошондой эле ДФЧ үчүн социалдык камсыздандыруу саясатын кайра карап чыгуу жумушчу топту түзүүнүн өбөлгөлөрүнөн болду.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында жекече эмгек ишмердиги менен алектенген ишкерлер жана дыйкан фермердик чарбалар үчүн, кичине жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмдөш тарифтерин киргизүү максатында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери боюнча жеңилдиктерди кайра карап чыгуу мүмкүндүгүнө талдоо жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан үстүбүздөгү жылдын май айынан август айына чейин пенсиялык жана тарифтик саясат жаатында боло турган реформалар менен эл арасында маалымат компаниясын өткөрүү максатында республиканын аймактарында жолугушуулар өткөрүлдү.

Эл менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгын чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан жумушчу топтун мүчөлөрүнүн кароосуна материалдар даярдалган.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э. Ирсалиев куттуктоо  сөздү менен чыгып сүйлөдү.

Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Г.М.Джуматаеванын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы пенсиялык жана тарифтик саясат» темасындагы бетачары катышуучуларга тартууланды. Бул бетачардын алкагында азыркы кырдаал, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун учурдагы пенсиялык системасын жана тарифтик саясатын реформалоо боюнча сунуштарын, ошондой эле мүмкүн болгон тобокелдиктер жана аларды минималдаштыруу жолдору көрсөтүлдү.  

Жумушчу топтун жыйынтыктоочу отурумунун жыйынтыгы боюнча жумушчу топтун алкагында иштелип чыккан чаралар тууралуу аналитикалык катты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды.