Жарыяланган 22.11.2019

КРнын Социалдык фондунун түшүндүрмө-маалымат иштери

КРнын Социалдык фондунун түшүндүрмө-маалымат иштери

2019-жылдын 18-ноябрынан 22-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь району №6,9,10 муниципальдык аймактык башкармалыктарынын (МАБ) жана Свердлов районунун №20 МАБынын жалпы жамаатына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жарандардын сабаттуулугун жогорулатуу максатында лекцияларды өткөрүштү.

Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери Республикада пенсиялык системаны өркүндөтүү мезгилинде көптөгөн кары адамдарга өзүнүн укуктарын кантип колдонуу керектигин сабаттуу түшүндүрүп, мамлекеттик камкордуктун арты менен адамдар улгайган куракта да өзүн коопсуз сезүүсүнө шарт түзүлөөрүн маалымдашты жана жаштар арасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө кабардар болуу, пенсиялык жана социалдык сабаттуулукту түшүндүрүү, келечектеги пенсияны түптөөгө кызыктыруу, ошондой эле мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандырууга ишенимди арттыруу жөнүндө айтылды.

Октябрь жана Свердлов районунун муниципальдык аймактык башкармалыктарынын жалпы жамааты мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жөнүндө кызыктырган жана  түшүнбөгөн суроолоруна кеңири жоопторду алышты. Жолугушууларда берилген суроолордун көпчүлүгү пенсия чектөөнүн тартиби жөнүндө болду.