Жарыяланган 18.11.2019

Жыл башында бекитилген планга ылайык, калган эки айда 806 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу керек

Жыл башында бекитилген планга ылайык, калган эки айда 806 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу керек

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом жана 2021-2022-жылдарга 60 млрд 271 млн сом жана 65 млрд 98 млн сом көлөмүндө түзүлдү. “2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды”, - деди ал.

Андан тышкары, 2020-жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 35 млрд 727 млн сом өлчөмүндө түшүшү пландалганы, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 21 млрд 911 млн сом өлчөмүндө каралганы, дагы башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 156 млн сом өлчөмүндө болжолдонгону белгилүү болду.

2020-жылга Соцфонддун чыгымдары 57 млрд 8 млн сом, 2021-2022-жылдарга 60 млрд 676 млн сом жана 64 млрд 324 млн сом суммасында пландалууда. 2020-жылы пенсияларды жогорулатууга 829 млн сом көлөмүндө каражат каралды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 569 млн сом багыттоо пландалууда.

Ал эми 2020-жылы Соцфонддун бюджеттин профицити 787 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Депутат Зиядин Жамалдинов Салык кызматы Соцфонддун киреше бөлүгүн чогултууга милдеттүү экенин, жыл аяктап баратканын эске салып, анын быйылкы абалына кызыкты.

Салык кызматынын башчысынын орун басары Искендер Асылкулов өткөн 10 айда 25 млрд 792 млн сом каражат чогултулганын, ал былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд 194 млн сомго көп экенин билдирди. “Жыл башында бекитилген планга ылайык, дагы 806 млн сом чогултушубуз керек. Тилекке каршы, ал толук чогултулбайт окшойт, калган эки айда 7 млрд 351 млн сом чогулта алабыз: ноябрда – 3,4 млн сом, декабрда – 4 млрд сом. Бирок, биз планды аткаруунун аракетин жасап жатабыз”, - деди ал.