Жарыяланган 14.11.2019

15-ноябрда «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт

15-ноябрда «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт

Жогорку Кеӊештин  Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Өтүүчү орду жана убактысы: КР Жогорку Кенешинин Чыгыш жыйындар залы саат 15-00. Катышуучуларды каттоо 14-30да башталат.

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын ала каттоо телефондору: 63-92-24, 63-92-67