Жарыяланган 13.11.2019
КР Соцфондунун Call-борбору 2019-ж. январь-октябрь айларында 19630 кайрылуу кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын январь - октябрь айларында Соцфонддун Call-борборуна 15153 кайрылуу келип түшкөн.
Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 4477 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
КР Соцфондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.