Жарыяланган 1.11.2019

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык сабаттуулук боюнча окутууларды улантууда

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык сабаттуулук боюнча окутууларды улантууда

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык сабаттуулук боюнча окутууну орто жана жогорку окуу жайларынын студенттеринен тартып, мекеме-ишканалардын, уюмдардын кызматкерлерине чейин маалыматтык-түшүндүрмө иштерин өткөрүүнү улантууда.

            Ушуга байланыштуу 2019-жылдын 28-31-октябрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемесинин директорунун орун басары Н. Айсаев жана даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу бөлумүнүн башкы адиси Э. Оморова, Г.Кошокова жана С.Исмаиловалар Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жалпы жамаатына жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттерине социалдык камсыздандыруу боюнча жарандардын сабаттуулугун жогорулатуу максатында лекция өткөрүштү.

Алар кызматкерлердин жана студенттердин пенсия жөнүндө кызыктырган, түшүнбөгөн суроолоруна кеңири жоопторду беришти.