Жарыяланган 29.10.2019

КР Соцфондунун Башкармасынын 2019-жылдын 9 айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму

КР Соцфондунун Башкармасынын 2019-жылдын 9 айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму

2019-жылдын 9 айында пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектелүүчү сумма 33462,2 млн. сом өлчөмүндө толугу менен каржыланды. 2019-жылдын 1-октябрына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок.

2019-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 666,3 миң адамды түздү, анын ичинен: 308,5 миң адам же жалпы санынын 49% «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 329,3 миң адам же 46 % республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсия алышат. 2018-жылдын 9 айына салыштырмалуу пенсионерлердин саны 19,1 миң адамга көбөйгөн. 

2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү _ сомду түздү. 2019-жылы пенсияларды жогорулатууга 744,4 млн. сом кошумча керектелди.

Камсыздандыруу төгүмдөрү алдын ала маалыматтар боюнча төгүмдөрү пландагы 23955,5 млн. сомдун ордуна 22975,1 млн. сом суммасында түштү, план 95,9 %га же 980,4 млн. сомго аз аткарылды. 2019-жылдын 9 айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышынын өсүшү 851,7  млн. сомду, же 103,8 % түздү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылдын 9 айында 1625,1 млн. сомго,  Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 203,1 млн. сомго каржыланды.

КР Социалдык фонду камсыздандырылган адамдарга анын ичинде пенсионерлерге өз ара аракеттешүүнүн дагы бир ыңгайлуу ыкмасын көрсөтүү үчүн «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» системасы иштөөдө.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө келип жана маселелерин чечүү үчүн адистерге кезекке туруунун ордуна Өздүк кабинет системасында катталып, андан соң интернеттен Өздүк кабинет аркылуу керектүү маалыматтарды аралыктан суроого жана алууга болот. 

Өздүк кабинет аркылуу төмөнкү арыздарды берсе болот:

  • Өздүк камсыздандыруу эсебинен көчүрмөгө,
  • пенсия чектөөгө,
  • пенсияны кайра эсептөөгө,
  • пенсияны узартууга,
  • төлөмдүн ордун жана ыкмасын өзгөртүүгө
  • пенсия тууралуу маалымкат алууга
  • Башкаруучу компанияны же ТПФ каражаттарын төлөөнү алмаштырууга.
  • Төмөнкү маалыматтарды алса болот:
  • Чектелген пенсия тууралуу маалыматтарды
  • Төмөнкүлөрдү калтырса болот:       
  • Каалаган маселе боюнча формалдуу эмес кайрылууну

Өздүк кабинетте катталуу үчүн:

  • КР Социалдык фондунун  жакынкы аймактык бөлүмүнө бир жолу келип арыз берсе болот
  • 2017-жылдагы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту болсо обочолоп (аралыктан) катталса болот.

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети 2019-жылдын 1-июлунда ишке кирди.