Жарыяланган 24.10.2019

Окуу борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жарандардын сабаттуулугун жогорулатуу максатында лекция өткөрүштү

Окуу борбору

         2019-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын жалпы жамаатына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу  боюнча  жарандардын сабаттуулугун   жогорулатуу максатында  лекция өткөрүштү.

Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери Республикада пенсиялык системаны өркүндөтүү мезгилинде–көптөгөн кары адамдарга өзүнүн укуктарын кантип колдонуу керектигин сабаттуу түшүндүрүп, мамлекеттик камкордуктун арты менен адамдар улгайган куракта да өзүн коопсуз сезүүсүнө шарт түзүлөөрүн маалымдашты.

Октябрь районунун администрациясынын  жамааты мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо жөнүндө кызыктырган жана  түшүнбөгөн суроолоруна кеңири жоопторду алышты. Жолугушууларда берилген суроолордун көпчүлүгү пенсия чектөөнүн тартиби жөнүндө болду.

Ушундай лекциялар мындан ары да улантыла бермекчи.