Жарыяланган 22.10.2019

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев: «Социалдык фонддун 2018-жылкы бюджети 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө профицит менен аткарылды»

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев: «Социалдык фонддун 2018-жылкы бюджети 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө профицит менен аткарылды»

Соцфонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд 13 млн 750 миӊ сомду түзгөн, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 млрд 800 млн 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 млрд 642 млн 143 миӊ сом көлөмүндө каражат түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “КР Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылганына карабастан, 2017-жылга салыштырмалуу 107 пайызга өскөн же 1 млрд 902 млн 495 миӊ сом көп жыйналган. «Ал эми акциялар боюнча дивиденддер менен акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардын эсебинен түшкөн дагы башка кирешелер 349 млн 860 миӊ сом өлчөмүндө болду», - деди ал.

Ошондой эле, Соцфонддун 2018-жылдагы жалпы чыгымы 50 млрд 309 млн 666 миӊ сомду түздү. Анын ичинде:

- Пенсиондук фонддун чыгымы – 46 млрд 96 млн 37 миӊ сом;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымы – 2 млрд 328 млн 445 миӊ сом;

- Эмгекчилердин саламаттыгын чыӊдоо фондунун чыгымы - 288 млн 839 миӊ сом;

- Мамлекеттик пенсиянын топтомо фондунун чыгымы – 1 млрд 596 млн 344 миӊ сом.

Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджети 814 млн 935 млн сом профицит менен бекитилген. Жыл жыйынтыгында бекитилген бюджеттин профицити 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө болду. Андан тышкары, Салык кызматы менен биргелешкен аракеттин найтыжасында өткөн жылы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар 2 млрд 11 млн сомго чейин кыскартылган.

Белгилей кетсек, пенсионерлердин саны жылдан-жылга көбөйүп барат, ушу тапта 651 миӊ пенсионер бар. Пенсионерлердин орточо пенсия өлчөмү 5604 миӊ сомду түзөт. Ал эми таптакыр эмгек стажысы жок жарандар 400 сом менен пенсияга чыгат. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туруктуу болушу үчүн 1 пенсионерге 3 иштеген адам туура келиши керек болсо, учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам туура келүүдө.