Жарыяланган 17.10.2019

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда камсыздандырылган адамдарга анын ичинде пенсионерлерге өз ара аракеттешүүнүн дагы бир ыңгайлуу ыкмасын көрсөтүү үчүн «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» системасын иштөөдө.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө келип жана маселелерин чечүү үчүн адистерге кезекке туруунун ордуна Өздүк кабинет системасында катталып, андан соң интернеттен Өздүк кабинет аркылуу керектүү маалыматтарды аралыктан суроого жана алууга болот. 

Өздүк кабинет аркылуу төмөнкү арыздарды берсе болот:

  • Өздүк камсыздандыруу эсебинен көчүрмөгө,
  • Пенсия чектөөгө,
  • Пенсияны кайра эсептөөгө,
  • Пенсияны узартууга,
  • Төлөмдүн ордун жана ыкмасын өзгөртүүгө
  • Пенсия тууралуу маалымкат алууга
  • Башкаруучу компанияны же ТПФ каражаттарын төлөөнү алмаштырууга.

Төмөнкү маалыматтарды алса болот:

  • Чектелген пенсия тууралуу маалыматтарды

Төмөнкүлөрдү калтырса болот:

  • Каалаган маселе боюнча формалдуу эмес кайрылууну

Өздүк кабинетте катталуу үчүн:

  • КР Социалдык фондунун  жакынкы аймактык бөлүмүнө бир жолу келип арыз берсе болот
  • 2017-жылдагы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту болсо обочолоп (аралыктан) катталса болот.

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети 2019-жылдын 1-июлунда ишке кирди.