Жарыяланган 30.09.2019

2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар жогорулайт

2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар жогорулайт

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын алкагында жыл сайын индексацияланат. 

Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында «2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» жана «2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору кабыл алынды.

Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө токтом менен пенсиянын базалык бөлүгүн 105% га өсүшүнө же 100 сомго индексациялоо каралууда. Ошону менен бирге эгерде пенсиясынын жалпы өлчөмү 4283 сом өлчөмүндөгү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болсо пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. 241,5 миң пенсионерге башкача айтканда пенсионерлердин жалпы санынын 38 % үчүн жогорулатылат.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө токтом менен төмөнкүлөр каралган:

- 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентин 1,05 өлчөмүндө бекитүү;  

- пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,05 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү 4283 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4283 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 320 сомдон кем эмес индексациялоону жүргүзүү.

Бул иш чаралар эң төмөнкү чекти белгилөөнүн эсебинен аз камсыз болгон ошондой эле пенсиялык системага чоң чегерүүлөрдү төлөгөн жарандардын дагы кызыкчылыктарын коргойт, төгүмдөр канчалык көп болсо, индексациялоо ошончолук жогору болот.

Натыйжада, өлчөмү 4283 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде 300 сомго, ал эми өлчөмү 4283 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар эң аз деген 320 сомго жогорулатылат.

Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 328 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 5820 сомду түзөт.

667,3 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 659,2 миллион сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 67,3 миллион сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 592 миллион сом кошумча керектелет. 

Пенсионерлер 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларын жогорулатылган өлчөмдөрдө алышат.