Жарыяланган 26.09.2019

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев: «Негизги максат бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтып, аларды көмүскөдөн көрүнөө алып чыгуу»

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев: «Негизги максат бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтып, аларды көмүскөдөн көрүнөө алып чыгуу»

Социалдык фонддун ишин оптималдаштыруу жана ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү максатында, чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев Жогорку Кеӊеште 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Соцфонддун башчысынын айтымында, сунуштамалардын үстүндө үч топ иштеди: биринчи топ – тарифтер менен пенсиялык саясат боюнча, экинчи топ – аскер адамдарынын пенсиясы боюнча, үчүнчү топ – пенсиянын топтоо бөлүгү боюнча. «Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтуу жаатында 4-5 сунуш бар, алар тууралуу айтуу азыр эртелик кылат. Бул маселе жыйынтыкталган соӊ, парламенттин кароосуна өзүнчө сунуш киргизебиз», - деди ал.

Медет Ирсалиев негизги максат чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн азайтып, аларды көмүскөдөн көрүнөө алып чыгуу экенин белгиледи. «Бул маселе боюнча эсеп-кысаптарыбыз бар», - деп кошумчалады ал.