Жарыяланган 2.09.2019

Жети-Өгүз районунда Соцфонддун жаңы имаратынын ачылышы болду.

Жети-Өгүз районунда Соцфонддун жаңы имаратынын ачылышы болду.

2019-жылдын 30-августунда КР Социалдык фондунун төрагасы М.Ирсалиевдин, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиевдин, Соцфонддун жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Жети-Өгүз районундук КР Социалдык фондунун райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

Ушул тапта КР Социалдык фондунун Жети-Өгүз райондук башкармалыгы ижарага алынган имаратты Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүнүн бардык жол-жоболорун аяктады. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын Строительная көчөсүнүн 11-үйү дарегинде жайгашкан мурдагы  «Солнышко» бала бакчасынын имаратын КР Социалдык фондунун Жети-Өгүз райондук башкармалыгы ижара укугунда ээлеп келген.

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №219-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-апрелиндеги  № 1511-1-VI токтомун аткаруу аракетинде КР Социалдык фондунун Жети-Өгүз районундук башкармалыгы жогоруда аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди.

Жогоруда аталган муниципалдык жайды балдардын мекемесине бошотуп берүү максатында  Жети-Өгүз районундук башкармалыгы «Айыл Банк» ААКтан жалпы аянты 262,38 кв.м. жайды жаңы административдик имарат үчүн төлөп куткарып алды, ал жерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруусун өркүндөтүү максатында өзүнүн милдеттерин аткарып келүүдө.