Жарыяланган 31.08.2019

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен!

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен!

Урматтуу кыргызстандыктар

Сиздерди 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул улуу күн ар бир кыргызстандык үчүн эркиндиктин, ынтымак-биримдиктин күнү болуп саналат. Андыктан, Эгемен өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, элибиздин жаркын келечеги кеӊ болсун!

Мамлекетибизге туруктуулукту, жетишкендиктерди, өнүгүүлөрдү жана бейкутчулукту каалайм.

Майрамыӊыздар менен!

 

Урматоо менен,

Кыргыз Республикасынын 

Социалдык фондунун төрагасы  М.Ирсалиев