Жарыяланган 14.08.2019

Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө боюнча маалымат

Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө боюнча маалымат

2010-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына экономиканын уюшулган секторунда иштеген кызматкерлердин бардык категориялары үчүн милдеттүү топтомо элемент киргизилди.

Бирок 2012-жылдын 1-январынан тартып Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн пенсионер-кызматкерлер жана кызматкерлер - 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектер, 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдар бошотулду.

2013-жылдын январынан тартып пенсиялык куракка жеткен жана пенсия дайындоо үчүн кайрылган, Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого көчүп жатышкан, каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан адамдарга пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө башталды. Камсыздандырылган адамдарга пенсиялык топтоолорунун төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы №745 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Төлөмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү бар:

- пенсиялык топтоо каражаттарынан бир жолку төлөмдөрү (пенсиянын топтоо бөлүгү) (мындан ары - бир жолку төлөм);

-  мөөнөттүү (белгилүү бир мезгилдин ичинде) пенсиялык төлөмдөр.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы №745 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы №310 токтому менен олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтомуна ылайык бир жолку төлөмдөрдү алып жаткандардын тизмеси майыптыгы кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүн көрсөтпөстөн (мөөнөтсүз) белгиленген I жана II топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган, ошондой эле пенсиянын ушундай түрүнө укугу бар жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдар менен толукталды.

Ошондой эле жарандардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу пенсиялык топтоолору пенсиянын 15 базалык бөлүгүнөн анча ашпаган, бир жолку же мөөнөттүү төлөмдөрдү аныктоо үчүн чек өткөн жылы пенсионердин иш жүзүндө түзүлгөн жашоо минимумунун 30 эселенген көлөмүнө барабар өлчөмгө чейин жогорулатылды.

Жогоруда аталган Эрежелердин жаңы редакциясына ылайык бир жолку төлөм төмөнкүлөргө берилет:

- майыптыгы кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүн көрсөтпөстөн (мөөнөтсүз) белгиленген I жана II топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган, ошондой эле пенсиянын ушундай түрүнө укугу бар жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдарга;

- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыгууга укуктуу жана пенсия чектөө үчүн кайрылган учурда пенсиялык топтоолорунун суммасы пенсионердин өткөн жылы иш жүзүндө түзүлгөн жашоо минимумунун 30 эселенген көлөмүнө барабар суммадан ашпаган адамдарга;

- Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кеткен жана кетип жатышкан, кетип жатканын же көчүү ниетин тастыктаган документтерди тапшырган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;

- каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна;

- 2012-жылдын 1-январынан тартып пенсиянын топтоо бөлүгүн түзүүдөн чыгарылган адамдарга: 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектерге, 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдарга. Бул категориядагы алуучуларга пенсиялык топтоо каражаттарын бир жолку төлөө үчүн топтоо суммалары боюнча чектөөлөр коюлбайт.

Мөөнөттүү пенсиялык төлөм «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыгууга укуктуу жана пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдарга жүргүзүлөт, алардын пенсиялык топтоолорунун суммасы пенсиялык топтоолорду төлөө же пенсия чектөө үчүн кайрылган учурда өткөн жылы анык түзүлгөн 30 эселенген пенсионердин жашоо минимумуна барабар суммадан ашышы керек.

Мөөнөттүү пенсиялык төлөм ай сайын жүргүзүлөт. Мында төлөмдүн мезгили алуучу тарабынан тандалат, бирок 3 жылдан кем болбошу керек.

2020-жылдын 1-январынан тартып мөөнөттүү пенсиялык төлөм токтом менен бекитилген жаңы формула боюнча актуардык коэффициентти колдонуу менен, тактап айтканда 2020-жылдын 1-январына чейин  мөөнөттүү пенсиялык төлөмдүн мезгили 3 жылды түзөт, ал эми 2020-жылдын 1-январынан тартып пенсиялык топтоолор бардык сумма аягына чыкканга чейин төлөнөт.  

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С. Омурбекованын 2019-жылдын 26-июлундагы № №20-2445 тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы        № 745 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыккан.

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна төлөнгөн пенсиялык топтоо каражаттарын камсыздандырылган адамдар мамлекеттик ипотекалык программага катышканда алгачкы төгүмдү каржылоого жана өмүрүнө олуттуу коркунуч келтирген оор ооруларда дарыланууну төлөөдө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизмекке ылайык) жумшоого мүмкүндүк берүү киргизилип жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорунун милдети болуп эсептелет.