Жарыяланган 14.04.2016

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору боюнча материалдар

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору боюнча материалдар

2014-жылдын декабрында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө келишимге кол коюлду, Келишимде бирликке мүчө мамлекеттердин жарандарын – эмгекчилерин социалдык камсыздандыруу маселеси каралган. Бирликке мүчө мамлекеттердин жарандарын – эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо (камсыздандыруу) маселелерин ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө өзүнчө Келишим иштеп чыгуу аркылуу чечүү пландалууда.

2015-жылдын январынан тартып Евразия экономикалык бирлигине катышуучу мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин (мындан ары- Келишим) долбоорун талкуулоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Келишимдин долбоорунда 1992-жылдын 13-мартынан кийинки мезгилде бирликке мүчө мамлекеттердин аймагында иштеген стажы үчүн бирликке мүчө ар бир мамлекет өз аймагындагы стажга жараша пенсия дайындайт жана төлөйт деп белгиленген. Башкача айтканда, 1992-ж. 13-мартынан кийинки мезгилде бирликке мүчө мамлекет пенсия төлөө милдеттемелерин аймагындагы стажына жараша өзүнө алат.

2015-жылдын 14-15-октябрында Астана ш. (Казакстан Республикасы) ЕАЭС мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын пенсиялык камсыздоо жаатында отуруму өткөрүлдү, анда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери катышты, жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

- ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишими күчүнө киргенге чейинки стажы үчүн пенсиялар мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге, анын ичинде 1992-ж. 13-мартындагы КМШ катышкан мамлекеттердин пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктарынын кепилдиги жөнүндө макулдашууга ылайык дайындалат;

- ЕАЭБ мүчө–мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору күчүнө киргенден кийинки иш стажы үчүн кай мамлекеттин аймагында тийиштүү стажга ээ болсо ошол мүчө-мамлекет дайындайт жана төлөп берет, мында эмгекчилердин пенсиялык укуктары ишке орноштурган мамлекеттин жарандарындай эле шарттарда жана тартипте түзүлөт жана ишке ашырылат.

2016-жылдын январь айында Москва ш. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жыйыны болуп өттү, анда аталган Келишимдин долбоору жактырылып жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерге аталган Келишимдин долбоорун ички мамлекеттик макулдашуу жүргүзүү жана жыйынтыгы жөнүндө ушул жылдын 1-апрелине чейин Евразия экономикалык комиссиясына маалымдоо тапшырылды.

         2016-жылдын 2-4-марттында Чолпон-Ата ш. Келишимдин долбоору боюнча жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин колдонулушу боюнча компетенттүү органдардын ортосунда өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө Протоколдун долбоору (мындан ары – Протоколдун долбоору) боюнча ЕАЭБ мүчө–мамлекеттердин пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кеңешмеси болду.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ЕЭКке Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен келишимдин долбооруна Кыргыз Республикасынын позициясы, ошондой эле Протоколдун долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын позициясы дипломатиялык каналдар боюнча жиберилди.