Жарыяланган 19.06.2019

2018-ж. КР Социалдык фондунун ишинин жыйынтыгы

2018-ж. КР Социалдык фондунун ишинин жыйынтыгы

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешеси жыл башындагы калдыкты эске алганда 51013,8 млн. сомду түздү (ИДПга карата 9,2 %).  2017-жылга бюджеттин аткарылышына салыштырмалуу 2101,8 млн. сомго же 104,3% көбөйдү.

Камсыздандыруу төгүмдөрү 30642,1 млн. сом суммасында түштү. 2017-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүн  жыйналышынын өсүшү 1902,5 млн. сомду, же 106,6 % түздү.

Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 2018-жылы 20021,7 млн. сом суммасында түштү.

2018-жылы Социалдык фонддун чыгымдары 50309,7 млн сомду түздү, бул 2017-жылга салыштырмалуу 3847,0 млн. сомго көп.

2018-жылы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектелүүчү сумма 42064,2 млн. сом өлчөмүндө толугу менен каржыланды. 2018-жылдын 1-январь карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2017-жылга салыштырмалуу пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектөөлөр 3428,4 млн. сомго өстү.

2019-жылдын 01 январына карата пенсиянын орточо өлчөмү 5404 сомду түздү. Пенсияларды жогорулатууга 740,0 млн. сомдун тегерегинде керектелди.

2019-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 651,2 миң адамды түздү, анын ичинен: 322,3 миң адам же жалпы санынын 49 % «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 328,8 миң адам же 51 %  республиканын банктары аркылуу пенсия алышат. 2017-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 17,3 миң адамга көбөйдү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2018-жылы 2328,5 млн. сомго, Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фонду 288,8 млн. сомго каржыланды.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун бюджетинин профицити 704,1 млн. сомду түздү.

КР Социалдык фонду жарандар өздүк камсыздандыруу эсебинде топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө билүү жана on-line режиминде өздүк камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгондугун билдирет.      

Камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсеби – бул анын жекече идентификациялык номери. Өздүк камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтар жарандын пенсияга укугун жана пенсиясынын өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулат. 

Ал үчүн жаран электрондук дарегин көрсөтүп, инсандыгын ырастоочу документ жана арыз менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна же анын региондук башкармалыгына бир жолу кайрылышы керек.

Жарандар каалаган убакта жана өлкөнүн, дүйнөнүн каалаган бурчунан Порталга кирип, ЖИНди терип, өздүк камсыздандыруу эсебинен ыкча маалымат алуу, пенсиясынын толуктугун жана тууралыгын текшерүү, аны толуктоо жана өлчөмүн болжолдоо мүмкүнчүлүгү пайда бар.

Портал аркылуу өздүк камсыздандыруу эсебинен алынган маалыматты медициналык мекемеге, коммерциялык банктарга ж.б. көрсөтүү үчүн дагы пайдаланууга болот.

Бүгүнкү күндө on-line режиминде өздүк камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу үчүн 2 946 жаран катталган.