Жарыяланган 9.05.2019

Соцфонддун төрагасынын 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоосу

Соцфонддун төрагасынын 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоосу

Ардактуу ардагерлер! 

Урматтуу достор! 

Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

9-май дүйнөлүк тарыхта изи бар, ар бир жарандын жүрөгүнүн түпкүрүндө орун алган, миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жеңиш күнү. 

Ардактуу ардагерлер,Сиздердин эрдигиңиздер, тайманбастыгыңыздар менен биз азыр  тынч, бейпил заманда жашап жатабыз. 

Сиздер ар дайым ден-соолукта болуп узак жашаңыздар!  Ардагерлер – биздин сыймыгыбыз. Сиздер жасаган эрдиктерди келечек муун эч качан унутпайт, бар болуңуздар!

 

Урматтоо менен, 

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы

Ирсалиев Медер Эсенгулович.