Жарыяланган 21.03.2019

Нооруз майрамыңыздар менен!

Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

 

Жаркыраган жаз менен эл күткөн Нооруз майрамы да босогобузду аттап кирди.

Баарыңыздарды жаңы жыл, жаңы кудуреттүү күн менен куттуктайм! 

Нооруз күнү жаратылышта гана жаңылануу болбостон, ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ички дүйнөбүздө жаңылануу болот деп ишенем. 

Жаңырган жазда үйүңүздөргө токчулук, тынччылык, бейпил турмуш каалайм! Жүрөгүңүздөрдөн ыйман, жүзүңүздөрдөн жылмаю кетпесин! Кыргызстанда тынчтык жана бейпил жашоо болсун!

Урматтоо менен, 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы

Медер Ирсалиев.