Жарыяланган 26.04.2019

“2019-жыл– Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата

Окуу борборунун иш аракеттери

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери өткөн жумада Жалал-Абад жана Ош облустарында иш сапарда болуп кайтышты. Иш сапар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “2019-жыл– Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата мерчемделген иш-чаралардын алкагында болду.

Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери Республикада пенсиялык системаны өркүндөтүү мезгилинде–көптөгөн кары адамдарга өзүнүн укуктарын кантип колдонуу керектигин сабаттуу түшүндүрүп, мамлекеттик камкордуктун арты менен адамдар улгайган куракта да өзүн коопсуз сезүүсүнө шарт түзүлөөрүн камтыган лекцияларды Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан баштап Кара-Көл шаарындагы “Жазы-Кечүү”айыл өкмөтүн камтый, андан ары Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван жана Өзгөн райондоруна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана айыл тургундарына (3007 жаран) пенсиялык сабаттуулук темасында кеңири форматта окуп жана катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Бул жолугушуулардын алкагында мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен даярдалган атайын чыгарылган китепчелер, брошюралар таркатылды.

Бир апталык иш сапардын соңу Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын регионалдык башкармалыктарынын 63 кызматкерлерине кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө»  мыйзамына кирген өзгөртүүлөр жана жаңы нормалар боюнча, жарандардын иш-кагаздарын даярдоо тартиптери жана пенсия чектөөдө тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташуу, 6 ай мурун кайрылуу укуктарын жана суралган документтердин санынын азайгандыгын камтыган окутуулар өткөрүлдү.

Мындан сырткары, окутуунун программасы Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын аткаруудагымилдеттер, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Салык кызматынын өз ара иш алып баруу процесстериндеги маселелери, коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө алдын алуу жана коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-туруму жана этикасы, иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү темалары боюнча кеңири маалымат берилди.

Мындай иш сапардын кезеги эми Талас облусунда болмокчу.