Жарыяланган 20.03.2019

Бишкекте, Октябрь райондук Соцфондунун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

Бишкекте, Октябрь райондук Соцфондунун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
2019-жылдын 20 мартында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Ирсалиев М.Э., ММК жана Социалдык фонддун кызматкерилинин катышуусунда  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Октябрь райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Азыркы учурда КР Социалдык фондунун Октябрь райондук башкармалыгы ижарага алынган имаратты Бишкек ш. мэриясынын балансына өткөрүп берүү боюнча бардык жол-жоболорду аяктады. 
Бишкек ш., 6-кчр, ү 22/1 дареги боюнча жайгашкан аянты 504,2 кв.м № 78 мурунку бала бакчанын имаратын ижара укугунда Октябрь райондук башкармалыгы ээлеп келген. Аянты болжол менен 580 кв.м түзгөн ижараланган имараттын экинчи бөлүгүн Октябрь райондук социалдык коргоо башкармалыгы ээлеп келгенин белгилейт кетүү керек. Жалпы жер участогу болжол менен 8 сотканы түзөт. 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2013-ж. № 219 буйругун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-ж. 19 апрелиндеги № 1511-1-VI токтомун аткаруу үчүн КР Социалдык фондунун Октябрь райондук башкармалыгы жогоруда аталган мектепке чейинки мекеменин имаратын Бишкек ш. мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына өткөрүп берди.
Жогоруда аталган муниципалдык балдар мекемесине бошотуп берүү максатында 2018-жылдын 17-декабрында Октябрь райондук башкармалыгы жаңы административдик имарат үчүн жалпы аянты 417 кв.м. «Кыргызсуудолбоор» ААК менен имарат ижарасы жөнүндө келишим түздү, ал жерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандырууну өркүндөтүү максатында өз милдеттерин аткармакчы.