Жарыяланган 23.03.2018

“Жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтарды” кантип окуса болот

“Жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтарды” кантип окуса болот

КР Социалдык фондунда 1996-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар бир камсыздандырылган адамга чегерилген жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсеби жүргүзүлөт. Бул маалымат ар бир жарандын жеке камсыздандыруу эсебинде топтолот жана жарандын пенсияга чыгуу укугун аныктоо максатында жана пенсиясын эсептөө үчүн колдонулат.   

Жекече камсыздандыруу эсеби - камсыздандыруу органы тарабынан камсыздандырылган адамдын эмгектенген жана башка иштеген мезгилдери жөнүндө маалыматтарды камтыган документ. Бул маалыматтар пенсияны жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча башка төлөмдөрдү дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл.

 Жекече камсыздандыруу эсебинде камсыздандырылган адамга берилген жекече идентификациялык номери бар, ал шарттуу жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат.

«Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду камсыздандырылган адамдарга жеке камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтарды жылына бир жолу акысыз жөнөтөт. Камсыздандырылган адамдар жашаган же иштеген жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан жеке камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтарды алууга укуктуу.

Азыр интерактивдүү баарлашып, IT-технологиялар жана интернет тармагы аркылуу маалымат алууга болот. КР Социалдык фонду да on-line режиминде жеке камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Ал үчүн КР Социалдык фонду тарабынан www.socfоnd.kg («колдоо» блогу) порталы иштелип чыкты. Аталган портал аркылуу камсыздандырылган адамдар жеке камсыздандыруу эсебине кирүү мүмкүндүгү бар. Жеке камсыздандыруу эсебине биринчи жолку кирүүдө электрондук дареги менен жазуу жүзүндө арызын же электрондук санариптик кол тамгасын (ЭСК) көрсөтүү зарыл.

Бул кызматты алуу үчүн камсыздандырылган адам документтери жана арызы менен КР Социалдык фондуна же анын региондук башкармалыгына кайрылышы керек. Арызда арыз ээсинин электрондук дареги көрсөтүлүшү керек, анткени камсыздандырылган адам каалаган мезгилде жана каалаган жерден Порталга кирип, жеке идентификациялык  номерин терип, жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтарды ыкчам алууга, ошондой эле жеке эсептин толуктугун, тууралыгын текшерүүгө, аны толуктоого, пенсиянын өлчөмүн болжолдуу эсептеп чыгууга мүмкүн болот. Ошондой эле Портал аркылуу алынган жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтарды камсыздандырылган адам медициналык мекемеде, банктарда ж.б. көрсөтүү үчүн колдоно алат.    

Бул кызмат акысыз берилет.

Ошону менен бирге КР Социалдык фонду камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтардын жана арыз ээлеринин электрондук даректери жөнүндө маалыматтардын жашырындуулугунун коргоп, алардын сактыгына кепилдик берет.    

Бул кызматты алуу үчүн бардык кызыктырган суроолор боюнча  (0312) 324677 тел. КР Социалдык фондунун Call-centre – 1202, техникалык мүнөздөгү суроолор боюнча (0312) 576520, 543195 тел. кайрылса болот.

 

  

      “Жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтарды” кантип окуса болот

 

«Берилген датасы» - жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөнүн басып чыгарылган датасы.

«Фамилиясы, аты, атасынын аты» - камсыздандырылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты.

«Идентификациялык номер» - 14 сандуу жеке идентификациялык номер жеке камсыздандыруу эсеби болуп саналат, анда камсыздандыруу стажы, эмгек акысы, эсептелген жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтар топтолот. Бул номерди КР Социалдык фондунун органдары каттоо учурунда ыйгарат.

«Калктуу пункт» - КР Социалдык фондунун жекече эсепке алуу системасында каттоо учурунда көрсөтүлгөн камсыздандырылган адам жашаган облус, район.

«Көчөсү», «Үй номери», «Батиринин номери» - КР Социалдык фондунун жекече эсепке алуу системасында каттоо учурунда көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдын катталган жери боюнча жашаган дареги.

1-графа «Ишкананын коду» - 1996-жылдан кийин камсыздандырылган адам   иштеген ишканалардын коддорунун тизмеги (ОКПО).

2, 3-графа «Иштеген мезгили» - аталган ишканада иштеп баштаган жана аяктаган датасы (1-графа).

4-графа «Камсыздандыруу стажы» -  камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн иштеген мезгилинин жалпы эсептелиши.

5-графа «Эмгек акы» - төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген отчеттук мезгилдеги анык киреше. Мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбей турган төлөмдөр кирбейт.   

6-графа «Пенсиялык төгүмдөр» - КР «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык тарифтер боюнча Пенсиялык фондго көрсөтүлгөн мезгилде эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү.

7-графа «Пенсиянын экинси камсыздандыруу бөлүгү» - 1996-жылдан кийин иштеген мезгилин эске алып «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 22-беренесинин 3-пунктундагы формула боюнча эсептелген пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн (ЖЭ2) алдын ала өлчөмү.

8-графа «ТПФ сумма» - камсыздандырылган адамдын пайдасына киреше алуу максатында инвестицияланган пенсиялык топтоолорго төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү.

 «Жыйынтыгы» сабы - 4-графа боюнча камсыздандыруу стажынын жыйынтык суммасы, 6-графа боюнча пенсиялык төгүмдөрдүн жыйынтык суммасы, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө басып чыгарып берүүдө пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн (ЖЭ2) алдын ала жыйынтык суммасы.

«Ишкананын коддорун чечмелөө» сабы - ишканалардын коду (ОКПО), камсыздандырылган адам иштеген ишканалардын аталышын чечмелөө.

 

Төмөнкү абзацта жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтарда жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтарды тактоо тууралуу камсыздандырылган адамга кайрылуу бар жана КР Социалдык фондунун байланыш телефондору көрсөтүлгөн. Аталган маалыматка өзгөчө көңүл буруп, аны колдонуңуздар.