Жарыяланган 1.03.2019

КР Соцфонду башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс жарыялайт

КР Соцфонду башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс жарыялайт

Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт.

Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттары конкурстук документтерде көрсөтүлгөн, ал КР Социалдык фондунун www.socfond.kg сайтында жайгаштырылган.

Конкурска катыша турган башкаруучу компаниялар конкурстук табыштамаларды камсыз кылуу кепилдигин 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банктык эсебине төмөнкү реквизиттер боюнча которууга тийиш:

ИНН 02904199410050

ОАО «Айыл Банк»                

р/с 1350108027307374

БИК 135001

Конкурстук документтердин талаптарына ылайык даярдалган жана таризделген  конкурска катышууга табыштамалар 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, КР Социалдык фонду, 10 каб.  дареги боюнча 2019-жылдын 4-апрелинин саат 15.00 чейин тапшырылышы керек.

Конкурстук табыштамалар конкурстук документтерде көрсөтүлгөн кошумча документтер менен кошо тигилип жана номурланып чапталган конвертте берилет.

Табыштамалар салынган конверттер 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, КР Социалдык фонду, 3-этаж, Конференц-зал дареги боюнча       2019-жылдын 5-апрелинде саат 14.00дө ачылат.

Келишим түзүү мөөнөтү: конкурстун жыйынтыктарын жарыялангандан кийин 3 ай.

Конкурстук документтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды алуу боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: КР Социалдык фонду, Бишкек ш., Радищев көч.,62, 10-каб., тел. +996 (312) 543766.