Жарыяланган 14.02.2019

Бишкекте КР Соцфондунун 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отурум болуп өттү

Бишкекте КР Соцфондунун 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отурум болуп өттү

Бишкекте Кыргыз Республикасынын  Вице-премьер-министри Омурбекова А.С., КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жана КР Соцфондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармасынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.

2018-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешеси жыл башындагы калдыкты эске алганда 51006,7 млн. сомду түздү (ИДПга карата 9,1 %), бул такталган бюджеттен 99,7 % көп.  2017-жылга бюджеттин аткарылышына салыштырмалуу 2094,7 млн. сомго же 104,3 % көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрү 30647,2 млн. сом суммасында түштү. 2017-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышынын өсүшү 1907,6 млн. сомду, же 106,6 % түздү.

Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 2018-жылы 20021,7 млн. сом суммасында түштү.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдары 50335,1 млн сомду түздү, бул 2017-жылга салыштырмалуу 3872,5 млн. сомго көп.

2018-жылы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектелүүчү сумма 42430,1 млн. сом өлчөмүндө толугу менен каржыланды. 2019-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2017-жылга салыштырмалуу пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектөөлөр 3476,7 млн. сомго өстү.

2019-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 651,9 миң адамды түздү, анын ичинен: 332,7 миң адам же жалпы санынын 49% «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 329,3 миң адам же 51 % республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсия алышат. 2017-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 18,1 миң адамга көбөйгөн. 

2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 5682 сомду түздү. 2018-жылы Пенсияларды жогорулатууга 744,4 млн. сом кошумча акча каражаты керектелди.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2018-жылы 2328,4 млн. сомго,  Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 288,8 млн. сомго каржыланды.

2018-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча Социалдык фонддун бюджети 671,6 млн. сом суммасындагы профицит менен аткарылды.

КР Социалдык фонду жарандар үчүн өздүк камсыздандыруу эсебинде топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө билүү жана on-line режиминде өздүк камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгондугун билдирет.      

Камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсеби – бул анын жекече идентификациялык номери. Өздүк камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтар жарандын пенсияга укугун жана пенсиясынын өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулат. 

Ал үчүн жаран электрондук дарегин көрсөтүп, инсандыгын ырастоочу документ жана арыз менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна же анын региондук башкармалыгына бир жолу кайрылышы керек.

Эми жарандар каалаган убакта жана өлкөнүн, дүйнөнүн каалаган бурчунан Порталга кирип, ЖИНди терип, өздүк камсыздандыруу эсебинен ыкчам маалымат алуу, пенсиясынын толуктугун жана тууралыгын текшерүү, аны толуктоо жана өлчөмүн болжолдоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Портал аркылуу өздүк камсыздандыруу эсебинен алынган маалыматты медициналык мекемеге, коммерциялык банктарга ж.б. көрсөтүү үчүн дагы пайдаланууга болот.

Бүгүнкү күндө on-line режиминде өздүк камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу үчүн 2 700 жаран катталган.