Жарыяланган 11.02.2019

Урматтуу иштеп жаткан пенсионерлер!

Урматтуу иштеп жаткан пенсионерлер!

2018-жылдын 1-январынан баштап иштеп жаткан пенсионерлерге өздүк камсыздандыруу эсепте топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларынан жыл сайын жүргүзүлүүчү кайра эсептөө, Сиздерден арыз талап кылбастан эсептелет, ушуга байланыштуу жыл сайын Социалдык фонддун регионалдык органына жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирүү берүүнүн зарылдыгы да жок.

Үстүдөгү жылдын 1-январынан баштап кайра эсептелген пенсиялар 2019-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча төлөнөт.