Жарыяланган 18.01.2019
КР Соцфондунун Колл-борбору 2018-ж. ичинде 26256 кайрылууну кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 12 айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна 14244 кайрылуу келип түшкөн.
Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн-режиминде 12012 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.