Жарыяланган 11.01.2019

2019-ж. 1 январынан тартып пенсияга чыгыш үчүн кандай документтери керектелет.

2019-ж. 1 январынан тартып пенсияга чыгыш үчүн кандай документтери керектелет.

2019-жылдын 1-январына чейин  курагы боюнча пенсияга чыгуу үчүн пенсия чектөөдө төмөнкү иш кагаздар талап кылынган:

1) - паспорт

- качкын расмий статусу бар чет өлкөлүк жарандарга - качкын күбөлүгү;

- жашап туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандарга – ички ичтер органдарынан берилген жашап туруу укугу (вид на жительство)

2) эмгек китепчеси

3) орто же жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999га чейинки күндүзгү окуу)

4) аскердик билет

5) аялдар үчүн – балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү

6) 1992-1995-жылдары жеке ишкер катары же жеке мекемелерде – камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу маалымкат,

7) 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат

8) 1996-жылдан баштап жумуш берүүчү тарабынан берилүүчү айлык акы жана жалдоо тууралуу маалымкат

9) нике тууралуу жана башка фамилияга берилген иш-кагаздары бар учурда ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк.

 

2019-жылдын 1-январынан баштап курагы боюнча пенсияга чыгуу үчүн пенсия чектөөдө төмөнкү иш кагаздар талап кылынат:

1) - паспорт

- качкын расмий статусу бар чет өлкөлүк жарандарга - качкын күбөлүгү;

- жашап туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандарга – ички ичтер органдарынан берилген жашап туруу укугу (вид на жительство)

2) эмгек китепчеси

3) 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат

 

Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу - окугандыгы же аскер өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот.  

Ал эми аты аталган иш кагаздар жок болгон же болбосо тапшырууга мүмкүн болбогон учурда, арыздын бланкына окугандыгы, аскер өтөгөн мезгили тууралуу маалыматты жазуу керек.