Жарыяланган 9.01.2019

УРМАТТУУ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН ТӨЛӨӨЧҮЛӨРҮ!

УРМАТТУУ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН ТӨЛӨӨЧҮЛӨРҮ!

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 648 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын өткөрүп берүү чаралары жөнүндө” токтому кабыл алынды.

Ушул токтомго ылайык, 2019-жылдын 15-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ишке ашырылууда.

Ушуга байланыштуу, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу полистерин жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу квитанцияларды алуу үчүн аймактык салык органдарына (бирдиктүү терезелерге), тейлөө борборлоруна, патенттерди берүү пункттарына кайрылуулары керек.

Мында, 2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер, анын ичинде 2018-жылдын декабрь айы үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомосттору катталган жери боюнча Социалдык фонддун райондук башкармалыктарына берилет. Анткени 2018-жылдын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан чыгарылмакчы.

2019-жылдын январь айы үчүн отчет жана кийинки отчеттор ушул жылдын февраль айынан тартып аймактык салык органдарына берилүүгө тийиш.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн «Айыл Банк» ААКсынын алыш-бериш эсептеринин тизмеси Соцфонддун баардык башкармалыктарынын маалыматтык такталарына, Социалдык фонддун www.socfond.kg жана Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайттарына жайгаштырылды.

Кененирээк маалыматты 1202 (Социалдык фонд) жана 194 (Салык кызматы)  байланыш номерлери, www.socfond.kg жана www.sti.gov.kg сайттары аркылуу алууга болот.