Жарыяланган 24.12.2018

Тарифтик саясат маселелерин чечүү боюнча Тегерек стол болуп өттү

Тарифтик саясат маселелерин чечүү боюнча Тегерек стол болуп өттү

2018-жылдын 24-декабрында Бишкек ш., "Золотой Дракон" отелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 2018-жылдын 10-декабрындагы чечими менен түзүлгөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясат маселелерин чечүүгө макулдашылган мамилени иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны  болуп өттү.

Бул ведомстволор аралык жумушчу топ 2018-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы тарифтик саясат» деген аталыштагы Тегерек столду улантуу үчүн түзүлгөн.

Куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы  М.Э. Ирсалиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары чыгып сүйлөштү. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Г.М. Джуматаеванын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын учурдагы абалы» аталышындагы бетачары катышуучуларга тартууланды. Бул бетачардын алкагында Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын сереби, учурдагы абалы, ошондой эле тариф чендерин азайтуудагы негизги тобокелдиктер көрсөтүлдү.

 Жыйында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин азайтуу, пенсиялык саясаттын жана топтомо компонент саясатынын маселелери сыяктуу актуалдуу темалар талкууланды. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин форматы белгиленди, төмөнкү багыттар боюнча жумушчу топчолор түзүлдү:

- тарифтик саясат;

-пенсиялык саясат;

-топтомо компоненттин саясаты.  

Ошондой эле пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун сактоого багытталган анык жетүүгө боло турган максаттарды, мөөнөттөрдү, ресурстарды жана жоопкерчиликти аныктоо боюнча милдеттер коюлду. Жыйын ачык жана иштиктүү маанайда өттү.