Жарыяланган 21.12.2018

КР Соцфонду 2018-ж. 11-ай ичинде 24671 кайрылууну кабыл алды

КР Соцфонду 2018-ж. 11-ай ичинде 24671 кайрылууну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.  

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна 13134 кайрылуу келип түшкөн.

Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн-режиминде 11537 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна  кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.